Көлдүн түбү тиричилик таштандыларынан жана балык уулоочу торлордон тазаланды

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери көлдүн түбүн тиричилик таштандыларынан жана балык уулоочу торлордон тазалоодо «Таза Ысык-Көл» коомдук фондуна көмөктөшүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

WhatsApp Image 2022 06 16 at 09.58.12 Көлдүн түбү тиричилик таштандыларынан жана балык уулоочу торлордон тазаланды

Маалыматка караганда, 14-июндан 15-июнга чейин Түп районунун Николаевский булуңунда, Балбай, Күрмөнтү жана Фрунзе айылдарына жакын жерде тазалоо иштери жүргүзүлдү.

“Таза Ысык-Көл” коомдук фондунун суучулдары жана милиция кызматкерлери эки күндүк иш учурунда көлдүн түбүнөн узундугу 3000 метрге жеткен синтетикалык балык уулоочу эски торлорду жана 12 кап өлчөмүндөгү желим бөтөлкөлөрдү алып чыгышты. Чогулган таштандылар кайра иштетүү үчүн Балыкчыдагы жеке ишканага өткөрүлүп берилди.

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери белгилегендей, элдин кайдыгерлиги Ысык-Көлдүн экологиясынын бузулушуна алып келе жатат. Эс алуучулар көп таштандыларды таштап кетишет, ал эми жергиликтүүлөр балык кармагандан кийин торлорду тазалабай, көлгө ыргытып жиберишет. Мунун баары көлдүн экосистемасынын табигый процесстерин бузат.

1381771.744d716e04802321fb5d3a5b1549a932 Көлдүн түбү тиричилик таштандыларынан жана балык уулоочу торлордон тазаланды
WhatsApp Image 2022 06 16 at 09.58.10 Көлдүн түбү тиричилик таштандыларынан жана балык уулоочу торлордон тазаланды
1381771.744d716e04802321fb5d3a5b1549a932 1 Көлдүн түбү тиричилик таштандыларынан жана балык уулоочу торлордон тазаланды

Көлдүн түбү тиричилик таштандыларынан жана балык уулоочу торлордон тазаланды

YouTube video