
Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаарында көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жерине куткаруучулар тартылып, өрт 11:52де толук өчүрүлгөн. Жалпы 2 метр чарчы жер күйгөн.
«Батирдин ичинен балкону аркылуу 2 чоң киши, 4 кичинекей бала атайын куткаруучу альпинисттик шаймандардын жардамы менен куткарылды»,-деп айтылат маалыматта.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатат.