Казакпаевдин иши боюнча иликтөөнүн жыйынтыгын күтүш керек, – эл өкүлү

Бул туралуу ЖК депутаты Эмил Жамгырчиев билдирди.

Анын айтымында, абактан ооруканага которулган Казакпаевдин өлүмү өкүнүчтүү окуя болгон, бирок иш иликтенип бүткүчө ага карата тыянак чыгарып, турдүү пикирлерди айтуудан алыс болуу керек.

«Мындайды албетте эч кимге каалабайсың. Бирок эми кырсык да, кырсык каш-кабактын ортосунда деп бекер айтылбайт. Кырсык болгондон кийин сөзсүз түрдө комиссия түзүлөт, ошону менен кылмыш иши козголот, аны алкагында жооп алынып, чекит коюлат.

Ал эми ичиндеги шарт болгонбу же болгон эмеспи? кыйноо болгонбу, болбогонбу?, – деген тууралуу айтсам мен ал жакта өзүм деле болгом, ал жерде кыйнай турганга шарт жок. Себеби, баардык жагында камералар бар, мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан кыйналды дегенден азырынча алысыраак болуубуз керек», — деди депутат.