Военно-Антоновка айылында жашы жете элек кызды зордуктоо фактысы боюнча шектүү кармалды

Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Сокулук РИИБге 1983-жылы туулган М.Г. атуу жаран кайрылып, 14-июнь күнү 02:00дөр чамасында 2007-жылы туулган жашы жете элек кызын зордуктаган чала тааныш жигитке чара көрүүнү айткан.

Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин (Зордуктоо) негизинде каттого алынган.

«Сотко чейинки териштирүү учурунда милиция жашы жете элек кыздын өзүн суракка алып, ал 2014-жылдан бери балдар үйүнүн тарбиялануучусу экени белгилүү болгон. 2022-жылдын 14-июнь күнү саат 01:00дөр чамасында анын ата-энеси менен кошуна жашаган таанышы досу менен балдар үйүнө келген. Кыз дагы бир курбусу менен терезеден качып, жолушкан. Андан соң аталган жигит анын эркине каршы жалгыз калгандыгынан спайдаланып, жашы жете элек кызды мас абалында зордуктаган», — деп айтылат маалыматта.

Тергөө ишинин жүрүшүндө кылмышка шектелип, милиция кызматкерлери тарабынан 1998-жылы туулган У.Т. кармалып, Сокулук РИИБдин кармоочу жайына киргизилген.