Руслан Бекназаров кызматка дайындалды

Бишкектеги Свердлов районунун акиминин орун басары болуп Руслан Бекназаров дайындалды.

41 жаштагы Р.Бекназаров 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо «Азаттык» партиясынын тизмесинде №5 талапкер болгон.

2019-жылдын июлунда Аксыдагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы кызматынан өз каалоосу менен бошотулган.

2019-жылдын 4-июлунда Президенттин аппаратынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүндө эксперт катары эмгектенип баштаган.

Руслан Бекназаров — Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаровдун уулу.