Баткен облусунда журналисттер үчүн үч күндүк пресс-тур башталды

Бүгүн, 15-июнь күнү президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматы өлкөнүн журналисттери үчүн Баткен облусундагы пресс-турун баштады.


Журналисттерди И.Раззаков шаарындагы аэропорттон президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов тосуп алды.
Программанын алкагында биринчи күнү И.Раззаков шаарынын босогосунда салтанаттуу тосуп алуу аземи болуп, андан соң Раззаков музейи тааныштырылды.


Өлкө башчынын администрациясынан белгилегендей, пресс-турдун башкы максаты акыркы жагдайларга байланыштуу Баткен облусунда болуп жаткан социалдык өзгөрүүлөрдү көрсөтүү болуп эсептелет.
Өзгөчө статуска ээ болгон облустун социалдык-экономикалык абалын көтөрүүгө, региондун маанилүүлүгүн бекемдөөгө да арналары айтылат.

IMG 20220615 125447 Баткен облусунда журналисттер үчүн үч күндүк пресс-тур башталды