Руслан Бекназаров шайлоого катышууга арыз жазды

Бекназаров Руслан Азимбекович 28-майда өтө турган Ленин бир мандаттуу округундагы Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата талапкерлигин көрсөттү.

Ал 26-апрелде Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына арыз менен кайрылды.

Ленин округундагы депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт.