Россиядагы жол кырсыкта эки кыргызстандык жабыркап, бирөө каза болду

Фото иллюстративное

Россиянын Шадринск шаарында Кыргызстандын жарандарынын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 25-апрелде Екатеринбург – Шадринск – Курган унаа жолунда катталган. Анда Honda Fit үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу карама-каршы тилкеге чыгып кетип, Hyundai жүк ташуучу унаасы менен кагышкан. Жеңил автоунааны Кыргызстандын жараны башкарып келе жаткан. Кырсыктын кесепетинен 1989-жылы туулган кыргыз жараны алган жараатынан жеринен каза болгон. 1985-жылы туулган айдоочу жана 1999-жылы туулган жүргүнчү ар кандай жаракаттар менен Шадринск шаарынын ооруканасына жаткырылган.

  • «Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу окуянын бардык жагдайларын тактоо иштерин жүргүзүүдө. Маркумдун жакындары менен туруктуу байланыш түзүлүп, Кыргызстанга «жүк-200» жөнөтүү маселеси чечилип жатат»,-деп жазылат маалыматта.

Жабыркагандардын абалы туруктуу экени кошумчаланды.