Таласта тартип сакчылар “Эрте никеге туруу” жана ” Адеп ахлак” аттуу иш-чара өткөрүштү

Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Талас ШИИБдин балдар менен иштөө инспекторлорунун демилгеси менен Талас агрардык экономикалык колледжинин студенттери менен ” Эрте никеге туруу” жана ” Адеп ахлак” аттуу иш-чара өткөрүштү. Иш-чарага Талас шаарынын имам хатиби Рыспек Кокумов ажы, колледждин окуу иштери боюнча орун басары Сулайка Садырова жана Айбек Табылды уулу ошондой эле колледждин эмгек жамааты катышты.


“Бул иш-чаранын максаты студенттерге туура багыт берүү, адеп ахлактык руханий өнүгүшүнө насааттар айтылды. Ошондой эле, студенттер тарабынан ар кандай суроолор берилип, жоопторуна ынанышты. Балдар менен иштөө инспекторлор студенттерди ар кандай кылмыштуулуктан алыс болууга, мугалим эже агайларды урматтоого жана түндө ата-энелердин коштоосу жок жүрбөөгө чакырды. Мындай иш-чаралар областын ар кайсы райондорунда байма-бай жүрүүдө”, – деп айтылат маалыматта.

9070a516 fbc2 4ea1 81b2 6ae87f4f59c9 Таласта тартип сакчылар "Эрте никеге туруу" жана " Адеп ахлак" аттуу иш-чара өткөрүштү
3af23d73 dcdf 495b 97fa 6a52f253fbd2 Таласта тартип сакчылар "Эрте никеге туруу" жана " Адеп ахлак" аттуу иш-чара өткөрүштү


Талас ОИИБдин басма сөз кызматы.