«Камчыбек Ташиев Марат Казакпаевдин өлүмү тууралуу мыйзамсыз маселе козгоп жатат», – Жээнбеков

Саясатчы Равшан Жээнбеков өзүнүн фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, анда саясий серепчи «Марат Казакпаевдин өлүмүнө УКМК тарабынан жасалган мамиле себепчи болгон»,-деген тариздеги оюн айтты.


Анын айтымында «Камчыбек Ташиев Марат Казакпаевдин өлүмү тууралуу мыйзамсыз маселе козгоп жатат»,-деп күнөөлөп жатат.


Эгерде Ташиев ал менен күрөшкүсү келсе, кызматын тапшырышы керектигин айтты.


«Президент Саламатыкты сактоо министрине мыйзамсыз иш козгогондугу үчүн, башкы прокурорду убактылуу кызматтан алды. Ал эми УКМКнын айланысындагы маселеде киши өлүп жатат. Биз оппозиция катары иликтөө иштери аяктаганча УКМКнын башчысын кызматтан алып турууну сунуштаганбыз. Сыягы Камчы сынды кабыл ала албайт көрүнөт. Кечээки билдирүүбүздөн кийин суракка чакыртылып отурабыз»,-деди Жээнбеков.