Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери аквапарктарды жана бассейндерди текшерди

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери аквапартарды жана бассейндерди текшерди, деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл районунун аймагында жалпы 25 бассейн жана 2 аквапарк орун алган. Жайкы туристтик мезгилде, аталган жайларда көптөгөн эс алуучулар жана алардын балдары өздөрүнүн эс алуусун өткөргөндүктөн, алардын коопсуздук эрежелери текшерүүдөн өткөрүлүүдө.

WhatsApp Image 2022 06 13 at 10.52.28 Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери аквапарктарды жана бассейндерди текшерди

Ысык-Көл РИИБдин балдар менен иштөө инспекциясынын инспекторлору, аймакта орун алган ар бир бассейн менен аквапартарда болушуп, жаш балдар жана өспүрүмдөр үчүн ылайыктуу шарттардын камылгасы боюнча кабар алышты. Ошондой эле, куткаруучу кызматкерлердин иш алып баруусу боюнча дагы тийиштүү маалыматтар алынып, актылар түзүлүп кетти.

WhatsApp Image 2022 06 13 at 10.52.27 1 Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери аквапарктарды жана бассейндерди текшерди

Милиция кызматкерлеринин айтымында, заманбап аквапарктарда жана бассейндерде, балдар үчүн атайын аянтчалар, өздөрүнүн ченемдери менен болууга тийиш. Ошол эле учурда, аталган жайлар көңүл ачуучу мүнөзүнө карабастан, аквапарктар жана бассейиндер кооптуу жерлер болуп саналат. Андыктан, ата-энелер өз балдарына сак болуусун унутта калтырбашы керек.

Мындай текшерүү иш-чаралары, милиция кызматкерлери тарабынан өз мезгили менен тынымсыз текшерилип турмакчы.