Камчыбек Ташиев: “Маркум Марат Казакпаевдин күнөөсүн тастыктап берүүгө даярбыз”

Маркум саясат талдоочу Марат Казакпаевге карата кыйноолор болгон эмес. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев “Новые лица” басылмасына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, СИЗОго сыртынан жана ичинен да толугу менен видеокамералар орнотулган. Бардык сүйлөшүүлөр жазылат.

“9-июнь күнү эртең менен Казакпаевдин ден соолугунун абалы дароо начарлап кеткендигине байланыштуу СИЗОнун администрациясы тарабынан тез жардам кызматын чакырып, ал №1 клиникалык ооруканага жеткирилген. Эртеси күнү эле ал каза болуп калды. Биз анын ден соолугун көзөмөлдөп турганбыз.

9-июнда саат 7:30да СИЗОнун башчысы Казакпаевдин абалы начарлап жатканын айтты. Күн сайын эртең менен мага СИЗОдогу адамдардын абалы тууралуу маалымат беришет. Мен аны ооруканага жеткирүүнү тапшыргам. Тез жардам кызматын чакырып, ооруканага алып кетишкен”, — деген Ташиев.

Мындан тышкары, ал оппозициянын Марат Казакпаевди азыркы бийлик өлтүрдү деген айыптоолору  тууралуу оюн билдирди.

“Анын өлүмүнө биздин эч кандай тиешебиз жок. Анткени биз ага дарыланууга мүмкүнчүлүк түзүп бердик. Эч качан баш тарткан эмеспиз.  Анын өлүмүн өзүнүн саясий максаттары үчүн колдонууну каалаган Равшан Жээнбеков, Жылдыз Жолдошева сыяктуу саясатчылар терең жаңылышат. Мен аларга адамдын өлүмү менен ойнобош керек деп айтат элем. Бул трагедиялуу учур. Мен УКМК башчысы катары Казакпаевдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Тилекке каршы, ага ушундай тагдыр жазыптыр. Ал эми юридикалык тараптан биз анын күнөөсүн тастыктап берүүгө даярбыз”, — деген Камчыбек Ташиев.

Камактан комага түшкөн саясат талдоочу Марат Казакпаев 10-июнда каза болгон. Ал 2021-жылдын апрель айында «мамлекетке чыккынчылык кылган» деген айып менен кармалган.