Аквапарктагы окуя: Класс жетекчи камакка алынган эмес

Окуучусу аквапаркта каза болгон класс жетекчи камакка алынганы тууралуу маалымат жалган экенин 8-июнда Бишкек шаардык мэриясынын жана ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматтары кабарлашты.

Шаардык билим берүү башкармалыгында түзүлгөн комиссия иштеп жатканы, эч ким кармалбаганы айтылды.

6-июнда Бишкекте «Ала-Тоо» аквапаркында №95 мектептин үчүнчү классынын окуучусу каза болгон. Баланын апасы ал жакка окуучуларды мектеп уюштуруп алып барганын, аквапарктын кызматкерлери жана эки ата-эне көзөмөлдөп турат деп убада кылынганын, “Тез жардам” кырсык болгон жерге дароо барбаганын айтууда.