Садыр Жапаров: Гидроэнергетиканын өсүшүнө басым жасашыбыз керек

“Экологияга терс таасирин тийгизген электр энергия булактарын азайтып, гидроэнергетиканын өсүшүнө басым жасашыбыз керек”,- деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун баштоо боюнча салтанаттуу аземде.

Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө “Камбарата-1” ГЭСинин негизги курулушуна даярдык көрүү иштерин өз күчүбүз менен баштоо максатында республиканын бюджети кайрадан каралып чыгып, бюджеттен тиешелүү суммадагы (болжолдуу сумма — 1,5 млрд сом) акча каражатын бөлүү чечилди. Бөлүнгөн каражат ГЭС курула турган аянтка баруу үчүн транспорттук тоннель, Нарын дарыясынын эки жээгин бириктире турган көпүрө, жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын, автожолдорду жана жумушчулар жашай турган шаарча курууга жумшалат.

“Урпактарыбызга жаркын келечекти түзүү максатында, “Камбарата-1” ГЭСинин долбоорун ишке ашыруу биздин парзыбыз жана келечек муундарыбыздын астындагы милдеттерибиздин бири катары кабылдап, Кудай буюрса деп ГЭСтин негизги курулушуна даярдык көрүү иштерине киришип олтурабыз. Ушул убакка чейинки жүргүзүлгөн изилдөө, техникалык-экономикалык негиздөө жана башка жумуштардын аткарылышына өз каражатыбыздын эсебинен 412,8 млн сом бөлүнүп берилген. Даярдык көрүү иштеринин аткарылышы негизги курулуш иштерин жүргүзүү аянтына болгон инвесторлордун, өнөктөштөрдүн кызыгуусун арттырат. Учурдан пайдаланып кызыкдар өнөктөштөрдү бул долбоорду ишке ашырууда кызматташууга даяр экенибизди билдирип кетким келет. Учурда кошуна Казакстан менен Өзбекстан инвестиция салууга даяр экендигин билдиришти. Урматтуу мекендештер чындыгында биз Нарын дарыясынын болгону 10 % сугат суу катары колдонобуз. Калганын кошуна өлкөлөр колдонушат. Алар инвестиция салып, салым кошушса биз кубануу менен кабыл алабыз”, — деп билдирди Садыр Жапаров.

Президент учурда дүйнө жүзүндө экология көйгөйлөрү абдан курч маселелердин бирине айланганын эске салды. Ошондуктан экологияга терс таасирин тийгизген электр энергия булактарын азайтып, гидроэнергетиканын өсүшүнө басым жасашыбыз керек.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын гидропотенциалынын 10-11 пайызы гана колдонулууда. Келечекте “Камбарата-1” ГЭСинин курулушу менен гана чектелбестен, Суусамыр-Көкөмерен, Сары-Жаз, Казарман, Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскады сыяктуу ГЭСтерди куруу иштерин жүргүзүү зарыл.