Акылбек Жапаров контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) ишке киргизүүгө каршы митингдин катышуучуларын кабыл алды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) ишке киргизүүгө каршы митингдин катышуучулары тарабынан жөнөтүлгөн ишкерлерди кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

62a762e4dfcb9 thumb Акылбек Жапаров контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) ишке киргизүүгө каршы митингдин катышуучуларын кабыл алды

Маалыматка караганда, жолугушууда Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, ККМ киргизилиши биринчи кезекте көмүскө экономиканын жана контрабанданын көлөмүн кыскартууга багытталган.

62a762e5326e5 thumb Акылбек Жапаров контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) ишке киргизүүгө каршы митингдин катышуучуларын кабыл алды

«Фискалдаштыруу жана санариптештирүү товарлардын кыймылын жана аларды эсепке алуу системасына ээ болуу үчүн киргизилүүдө. Ошол эле учурда биз диалогго даярбыз жана биргелешип өз ара пайдалуу макулдашылган чечимди издейбиз. Ишкерлерден жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлдү, биз бизнестин ар кандай критерийлеринин жана категорияларынын негизинде бардык варианттарды карап чыгабыз»,- деди Акылбек Жапаров.

Кеңешменин катышуучулары тарабынан контролдук-кассалык машиналарды киргизүү менен байланышкан көйгөйлөр, анын ичинде сатуунун көлөмүнө, чекене жана дүң соода сегментине, ошондой эле сатылып жаткан товарлардын жеке мүнөздөмөлөрүнө жана алынган маржага жараша белгиленген талаптарды кайра карап чыгуу зарылчылыгы жөнүндө көйгөйлөр айтылды.

Ошондой эле ишкерлер салык кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине жана жаңы салык мыйзамдарын билбегендигине көңүл бурушту. Өз кезегинде А.Жапаров белгилегендей, ККМ ишке киргизүү жана салык процедураларын санариптештирүү бир нече баскычта өтөт.