Токмоктогу ала качуу: Кыз милицияга арыз жазуудан баш тартты

Чүй облусунда ала качуу фактысы катталган жок. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 11-июнда Кемин райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү тургундан белгисиз адамдар тарабынан кыз ала качуу болгону тууралуу маалымат түшкөн. Бул билдирүү боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан көрсөтүлгөн унаа Токмок шаарынан кармалып, жүргүнчүлөр Кемин райондук милициясына жеткирилген. Аталган факт каттоого алынган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө жүргүнчүлөр 10-июнда саат 21:00 чамасында Бишкек шаарынан Токмок шаарында жайгашкан кафелердин бирине достордун жолугушуусуна чыгышкан. Түнкү саат 12:00 чамасында алар андан ары кетүүнү пландашып, алардын ортосунда уруш чыккан. Мындан улам таарынган кыз жолдон башка унаа кармап кетүүгө аракет кылган. Бирок, алар кайра элдешип, Бишкек шаарына бет алышкан.

Кыз милицияга арыз жазуудан баш тарткан жана ала качуу фактысы болбогонуна байланыштуу бул ишти териштирүүнү токтотууну өтүнгөн.