Катуу соккон шамалдан улам 13 жаштагы окуучу кызга бак кулады

Бишкекте катуу соккон шамалдан улам 13 жаштагы окуучу кызга бак кулап түшкөн.

Кырсык Москва жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун күбөлөр билдирди.

Жаракат алган кызды Тез жардам кызматы Балдар ооруканасына алып кетти. Божомолдоп айтканда, кыз баш мээси чайкалган.

Эске салса, буга чейин шамалдан Фрунзе жана Огонбаева көчөлөрүнүнү кесилишинде бак кулап, унаага түшкөн.