Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атышуу болду

Кыргыз-тажик чек арасында 14-июнда кайрадан ок атышуу болду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, саат 6:50 -7:00 чамасында баткен районунун Булак-Башы деген жеринде Тажикстандын «Кех» чек ара посту тарабынан Кыргызстандын «Булак-Башы» посту тарабына ок атуу болгон. Кыргыз тараптан дагы жооп иретинде тажик тарапты көздөй ок атылган.