Бак басып калган кыздын дарылануусуна кеткен чыгымды «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасы төлөйт

Бишкекте бак басып калган кыздын дарылануусуна кеткен чыгымды «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасы төлөй турган болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, 13-июнда түштөн кийин Бишкектеги катуу шамалда Москва жана Абдырахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги дарак сынып, андан бир секелек кыз жабыркаган.