Кошунасынын 11 жаштагы кызын үйүнө алып барып, сексуалдык зомбулук көрсөтүүгө аракет кылган

Таласта 39 жаштагы жаран кошунасынын 11 жаштагы кызын үйүнө алып барып, сексуалдык зомбулук көрсөтүүгө аракет кылган.

Бул тууралуу Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өспрүмдүн ата-энеси 11-июнда милицияга кайрылган. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барганда жаран арыз жазып, 10-июнь күнү саат 15:30 чамасында алардын кошунасы кызын үйүнө алып барып, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоого аракет кылганын айткан.

«Ал киши С.У экени белгилүү болду. 1983-жылы туулган. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Текшерүү иштери уланууда»,-деп айтылат маалыматта.