Bigser Sport спорт мода үйү «Зенит» (Россия) футболчулары үчүн форма тигип берет

Кыргызстандык Bigser Sport спорт мода үйү «Зенит» (Россия) футболчулары үчүн форма тигип берет.

Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков орусиялык компаниялардын Кыргыз Республикасындагы эл аралык диверсификацияланган бизнес миссиясында билдирди.

denis cheryshev 15318381421562439881 Bigser Sport спорт мода үйү «Зенит» (Россия) футболчулары үчүн форма тигип берет

Иш-чаранын алкагында Bigser Sport жана Zenit Premier Football профессионалдык жабдууларды жеткирүү боюнча келишимге кол коюшту.

«Мындан ары кыргызстандык компания орусиялык футболчуларга форма тигип берет. Өлкөбүздүн экспорттук потенциалы коңшулардан, жада калса Европа мамлекеттеринен да артта калбасына ишенебиз. Ошондуктан, россиялык компаниялар мындан аркы жемиштүү кызматташуу үчүн бүгүн ишенимдүү өнөктөштөрдү таба алышат», — деди Артем Новиков.