Каракол шаары КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору болуп жарыяланды

2022-жылы Каракол шаары КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору болуп жарыяланганына байланыштуу эл аралык деңгээлде өтө турган иш-чаралар планы талкууланды.

Ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Улан Далиев, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева, Каракол шаарынын мэри Эрмат Джумаев жана башкалар катышты.

286876413 321503140169142 4036026508066135102 n 1536x1152 1 Каракол шаары КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору болуп жарыяланды

Июль айында Каракол шаарынын бай тарыхын жана маданиятын толук ачып берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ага КМШ өлкөлөрүнөн келген коноктор катышмакчы.

Бүгүн, 13-июнда алдыда өтчү иш-чарага даярдыктар талкууланып, сунуштар айтылды.

Белгилей кетсек, “Шериктештиктин маданий борбору” эл аралык программасы КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда 2011-жылдан бери ишке ашып келет. Аны алуу үчүн мүчө мамлекеттер жыл сайын талапкер катары өз шаарларын сунуштап, өлкө башчылар жыйынында чечим кабыл алынат.