Шашылыш билдирүү! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлөт

Бир саат аралыгында Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

«Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, түштүк-батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт»,- деп айтылат маалыматта.