Сузакта мугалим тарабынан сабалган окуучу. Кыздын апасы тосмо арыз жазды

Сузакта мугалим тарабынан сабалган окуучу кызга экспертиза чыккан, кызга жеңил жарат келтирилген. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Бирок кыздын апасы официалдуу түрдө тергөөгө кайрылып, мугалимди кечиргенин жана ага карата эч кандай арыз-доосу жок экендигин билдирип тосмо арыз жазган. «Учурда тергөө жүрүп жатат, жыйынтыгы менен укуктук баа берилет»,- деп айтылат маалыматта.