Саясат таануучу Марат Казакпаев 56 жашында каза болду

Саясат таануучу Марат Казакпаев 56 жашында эс-учуна келбей каза болду. Маалыматты №1 оорукананын башкы дарыгери Акылбек Мусаев тастыктады.

«Саат 13:20лар чамасында көз жумду. Дарыгерлер болгон аракетти кылышты. Ооруканага эс-учун жоготкон абалда түшкөн. Документтер даярдалып, сөөгү өлүкканага жиберилип жатат», — деди ал.

Марат Казакпаев өткөн жылдын апрель айында чыккынчылыкка шектелип кармалган.