Бишкек – Балыкчы жүргүнчү поезди 17-июндан тарта каттай баштайт

Бишкек – Балыкчы багытындагы жүргүнчү поезди каттай баштайт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-июндан 17-июлга чейин жума, ишемби, жекшемби күндөрү, ал эми 18-июлдан 31-августка чейин күнүгө Бишкек-2 – Балыкчы багытындагы өлкө ичиндеги жүргүнчү поезди каттай баштайт.

“№608 “Бишкек-2 – Балыкчы” поезди Бишкектен саат 07:40та чыгып, Балыкчы станциясына саат 11:42де жетет, ал эми № 609 “Балыкчы – Бишкек-2″ поезди Балыкчыдан саат 17:48де чыгып, Бишкекке 21:50дө келет”, – деп айтылат маалыматта.