“Ата-Бейитте” Чыңгыз Айтматов эскерилди

Бүгүн, 10-июнда “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү иш-чаралары өттү.

Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту бул күнгө карата маданий программа даярдаган. Анда жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөр көркөм окулуп, мектеп окуучулары өнөрлөрүн тартуулашты.

Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, изилдөөчүлөр, окурмандар жана Айтматовдун үй-бүлөсү катышты.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сөөгү 2008-жылы “Ата-Бейитке” – атасы Төрөкул Айтматов жана советтик репрессиянын башка курмандыктары көмүлгөн жерге коюлган.

ЮНЕСКО Айтматовду чыгармалары көп басылган классиктердин бири деп тааныган. Анын чыгармалары дүйнөнүн 165 тилине которулуп, көптөгөн өлкөлөрдө бир нече ирет чоң тираж менен чыгып келет.