Депутат Атазовдун мандатын тапшырышын талап кылгандар Ак Үйдүн алдында акция өткөрүштү

Депутат Шайлообек Атазовдун мандатын тапшырышын талап кылгандар Ак Үйдүн жанында акция өткөрүштү.

Аталган эл өкүлү кечээ, 9-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында 18-20 жаштагы кыздарды чет өлкөгө жалгыз жөнөтпөө тууралуу маселени көтөрүп чыккан. Анын айтымында, бул курактагы кыздар ата-энесинин коштоосунда же турмушка чыгып, жолдошу менен гана чет өлкөгө чыгышы керек.