
3-июндан 5-июнга чейин «Торугарт-автожол» жана «Эркечтам-автожол» көзөмөл өткөрүү пункттары жабылат.
Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул күндөрү Кытайда Дуань-ву майрамын (Ажыдаар кайык фестивалы) белгиленери айтылды.
Транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 6-июнда жанданат.