Садыр Жапаров өлкөнүн таланттуу мектеп окуучулары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн таланттуу мектеп окуучулары менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-июнда, Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата өлкөнүн бардык аймактарынан келген таланттуу мектеп окуучулары менен жолугушту. Жолугушууга окууда, чыгармачылыкта, спортто өзгөчөлөнгөн жана түрдүү предметтер боюнча эл аралык олимпиадаларда жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен балдар катышты.

dsc 2135 Садыр Жапаров өлкөнүн таланттуу мектеп окуучулары менен жолугушту

Баарлашуунун жүрүшүндө алар Мамлекет башчысына жеке жетишкендиктери тууралуу айтып беришип, ошондой эле аларды кызыктырган суроолорду беришти. Негизинен, балдарды Мамлекет башчысы шахмат ойнойбу, ийгиликке жетүү үчүн кандай сапаттарга ээ болуу керек деген суроолор кызыктырды.

dsc 2085 Садыр Жапаров өлкөнүн таланттуу мектеп окуучулары менен жолугушту

Ошондой эле, мектеп окуучуларынын бири информатика боюнча эл аралык олимпиадага катышуучуларды даярдоо үчүн атайын жыйындарды Кыргызстанда да өткөрүү мүмкүнбү деген суроо узатты.

Президент Садыр Жапаров мектеп кезинен эле шахматка жакын экенин, азыр бош убактысында ойной турганын айтты.Мамлекет башчысы белгилегендей, ийгиликтин кепилдиги – талыкпаган аракет, өжөрлүк жана өзүнө болгон ишеним.

dsc 2052 Садыр Жапаров өлкөнүн таланттуу мектеп окуучулары менен жолугушту

Ошону менен бирге ал тийиштүү мамлекеттик органдарга олимпиадага катышуучулар үчүн даярдык көрүү жыйындарын уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууна тапшырды.

Мамлекет башчысы таланттуу, билимдүү жаштар элдин, өлкөнүн жаркын келечегинин үмүтү экенин белгиледи. Президент Садыр Жапаров мектеп окуучуларына жергиликтүү жана эл аралык олимпиадаларда ийгиликтерди каалап, алардан келечектеги өлкө жетекчилери чыгып, элге, мамлекетке пайда алып келээрине ишенимин билдирди.

dos 1762 Садыр Жапаров өлкөнүн таланттуу мектеп окуучулары менен жолугушту

Жолугушуунун соңунда мектеп окуучуларына эстелик белектер тапшырылды.