Мугалимден таяк жеген окуучу кыздын укугун Акыйкатчы Атыр Абдрахматова өзү коргомой болду

Жалал-Абад облсунун Сузак районундагы чуу жараткан мектептеги окуяны Акыйкатчы иликтеп, мугалимден таяк жеген окуучу кыздын укугун Акыйкатчы Атыр Абдрахматова өзү коргомой болду. Бул тууралуу Абдырахматова өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү таратты.

Анын билдирүүсүн Bulak.kg толугу менен өзгөртүүсүз берет.

«Акыйкатчы (Омбудсмен) катары да, аял катары да, эне катары да, юрист катары да кыргыз жараны катары да ПОЗИЦИЯМДЫ расмий дагы бир ирет билдирем.

КР мыйзамдары, Конституциябыз, эл аралык стандарттар да 14-жаштагы Сузактагы окуучу кыздын, анын классташтарынын укуктарын мыйзамды, ыйманды бузган мугалимден коргош керектигин талап кылат.

МАМЛЕКЕТ, БИЙЛИК, КООМ, ар бирибиз коргош керекпиз ар бир жаш баланы

Жагамбы, жакпаймбы ар бириңердин эркиңер, бирок мен үчүн “бирөөнүн баласы” деген түшүнүк жок, ар бир балабыз кыргыздын тукумун улап, келечекти түзөт, элибизди жок болуудан сактайт, Мекенибизди бекемдейт.

Азыр өспүрүм кыздын укугун коргоо, адилеттүү болгонубуздан бул кыздын гана тагдыры эмес, толук классташтырынын, айылдаш курбуларынын, мамлекеттеги баардык окуучулардын тагдыры чечилээрин унутпагыла.

Мугалим окуткандын ордуна сөксө, урушса, кемсинтсе, урса, сабаса — унчуга албайбыз, эч ким эч нерсе кылбайт деп ар бир кыргызстандык жашы жете элек кыз-бала түшүнүп калат

Ар бир мугалим баланы окуткандан, тарбия бергенден көрө, окуучуларга эптегенин жашырыш үчүн, же жаман көңүлүн балдардан чыгарып зиркилдесем, ырайымсыз мамиле кылсам, урсам, зордуктасам, кыйнасам, кемсинтип укугун бузсам — мыйзам алдында жоопкерчиликке тартылбайм, директор, “районо”, министр мени колдойт деп канча балдарыбыздын тагдырын бузушат

Мамлекет, Билим берүү жана илим министрлиги министрлер кабинети эгерде 30-жылдан ашык түптөлгөн “бармак басты, көз кысты” кылып мугалимдин, директордун күнөөсүн өспүрүм кызга илип, карапайым ата-энесин жаманатты кылгылары келсе — мыйзам алдында болбосо да, өз абийринин алдында, тарых алдында жооп беришет. Өспүрүм кыздын укугун тепселеген кандай оңой ээ? алсыз, жаш, кыз-киши, карапайым, таанышы жокту “алдаган” оозун баскан кандай оңой ээ? Өзгөрүү качан болот “система”?

1-июнь эл аралык балдар коргоо күнүнө аябай өкүнүчтүү жаңылыктар Акылбек Жапаров

Азыркы учурга болгон биздеги Институт Омбудсмена КР маалымат боюнча, “аксакалдар” “чоңдор” ортого түшүп, кызды тезирээк больницадан чыгарттырып, тосмо арыз жаздыртуу аракеттери жүрүп жатат.

Мугалимди кайра мектепте калтырышыптыр, директордун жоопкерчилиги жөнүндө тымтырс

Бугун өспүрүмгө кыйноо колдонуу тууралуу Стамбул протоколу түздүрүлдү биздин өкүлдүн талабы менен, Назгуль Турдубекованын сунушу менен.

Атайын текшерүүгө түзүлгөн расмий мамлекеттик комиссияга биздин өкүлдү байкоочу катары киргизгиле деп талап коюп жатабыз. Текшерүү мыйзамдуу, негиздүү, көз карандысыз өтүшүнө элдин ишениши керек Министрликке бул маалымат чыкканда эле суроо-талап жөнөтүлгөн, прокуратурага да кетет талаптар.

Акыйкатчы катары жеринен барып альтернативдүү иликтөө жүргүзгөнгө, өспүрүм кыздын укугун коргогонго чыгам. Журналист өнөктөштөр, көз карандысыз юристтер, балдар укугун коргоодо иштегендер кошулуңуздар»- деп айтылат Акыйкатчынын билдирүүсүндө.