Атамбаев кардиология борборунда медициналык текшерүүдөн өтүп жатат

Улуттук кардиология борборунда дарыланып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жакындары менен жолугушууга уруксат берилди. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.

«Алмазбек Шаршенович кардиология борборунда медициналык текшерүүдөн өтүп жатат. Ооруканада канча күн болоорун дарыгерлер аныктайт. Жакындары менен жолугушууга уруксат берилди»,-деди ал.

Эске салсак, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 25-апрелде Атамбаевге байланыштуу чечим чыккан. Анда медициналык текшерүүдөн өткөрүү тууралуу өтүнүч канааттандырылган. Атамбаев 25-майда Бишкек шаарындагы Улуттук кардиология борборуна жеткирилген.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаевди «Батукаев иши» боюнча кармоо операциясы 2019-жылы анын Кой-Таштагы үйүндө өткөрүлгөн. Күч органдарынын операциясы учурунда бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) каза болуп, 175 адам жараат алган. Жалпысынан бул үчүн 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн.

Белгилей кетсек, Атамбаевге Кой-Таш, Октябрь окуялары жана мындан тышкары кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо, бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз берүү деген айыптар тагылган.

Атамбаев өзү жана тарапташтары коюлган кинелерди саясий куугунтук деп баалап келет.