Молдованын мурдагы президенти Игорь Додон кармалды

Молдованын мурдагы президенти Игорь Додон Кылмыш-жаза кодексинин төрт беренеси, анын ичинде мамлекеттик чыккынчылык беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды. Бул тууралуу журналисттерге аталган өлкөнүн Башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы Марианна Керпек билдирди.

«Тергөө иштери уланууда. Алар Игорь Додонго тиешелүү үйдү жана айрым жайларды тинтүүгө алышкан. Ал 72 саатка камакка алынган. Жалпысынан 12 жайда тинтүү иштери жүргүзүлүүдө. Ортомчуларга тиешелүү кыймылсыз мүлктөр изилденип жатат. Тергөө “Пассивдүү коррупция”, “Кылмыштуу уюмдан саясий партияга каражат алуу”, “Мыйзамсыз баюу” жана “Мамлекеттик чыккынчылык” беренелери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүрүп жатат”, — дейт Керпек.

Буга чейин Молдованын башкы прокурорунун милдетин аткаруучу Думитру Робу 2020-жылдын жай айларында коомдук мейкиндикте пайда болгон видеолор үчүн экс-президент Игорь Додонго карата коррупцияга шектелип, кылмыш ишин козгоону буйруган. Атап айтканда, Игорь Додон менен Демократиялык партиянын лидери Владимир Плахотнюктун 2019-жылдын июнь айында болгон жолугушуусунун видеосу. Демократиялык партиянын кеңсесинде тартылган видеодо Плахотнюк Додонго алар “баштык” деп атаган чоң кара пакетти берип жатканын көрүүгө болот. Сүйлөшүүдөн көрүнүп тургандай, «капта» ошол кезде Додон жетектеген Социалисттик партияны каржылоо үчүн акча бар.