Бишкек — Кара-Балта жолунда айдоочу эки адамды өлтүрө сүзүп алган

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Сокулук районунда Бишкек-Кара-Балта унаа жолунан 28 чакырымында жана ошол эле жолдун 25 чакырымында бир аял, бир эркек кишини унаа сүзүп кетти.

whatsapp image 2022 05 24 at 10 57 56 Бишкек — Кара-Балта жолунда айдоочу эки адамды өлтүрө сүзүп алган

Окуя 24 –майга караган түнү саат болжол менен 01:16 чамасында болгон.

«Жөө адамдар жолду бөлүп турган парапеттен секирип өтөбүз деп унаа алдында калып, ошол жерден каза болушкан. Экөө теӊ мас абалында болгон. Унаанын айдоочусу караӊгы жолдон эки адамдын жол ортосунан секирип келатканын көрбөй калганын айтат», — деп жазылган маалыматта.