Депутат Ширшов, Иманов жетектеген министрликке байланыштуу кырдаал боюнча Жогорку Кеңеште комиссия түзүүнү сунуштады

Эл өкүлү Нурбек Сыдыгалиев Алексей Ширшов, Талантбек Иманов жана Санариптик өнүктүрүү министрлигине байланыштуу кырдаал боюнча Жогорку Кеңеште комиссия түзүүнү сунуштады. Ал мындай сунушун бүгүн, 24-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, күн тартибинде мыйзам долбоорлору бар, бирок Ширшов, Иманов жана Санариптик өнүктүрүү министрлиги боюнча маселе көтөрүлгөндүктөн, комитеттин чечими чыгып, депутаттар макул болсо, комиссия түзүлүшү керек. «Ошондуктан регламентти сактайлы, бул жерде мыйзам долбоорлорун карап жатабыз», — деп баса белгиледи ал.

Аны депутат Жанар Акаев колдоп, «Бүгүн комитет карап, эртең палатага алып чыгышы керек болчу. Бул маселе кийинкиге жылдырылды, балким комиссия түзүү туура болот беле?» – деп комитеттин төрагасы Медер Алиевге кайрылды.

Өз кезегинде сөз сүйлөгөн депутат Алиев, Ширшовдун аты аталганда айрым депутаттар сөздү башка нукка бурууга аракет кылып жатышканын айтты.

«Ширшов ууру. Коомчулук сурап, талап кылууда. Депутат саясий фигура, бул жерде болбосо, башка кайда сүйлөйт? Коргонуңду токтоткула», — деди ал.

Буга чейин Министрлер кабинети «Кыргыз телеком», «Альфа Телеком», «Дастан» заводу жана «Евразия сактык банкы» сыяктуу мамлекеттик ишканаларды башкарууну Санариптик өнүктүрүү министрлигине берген.

Бул кабардан соң бир катар оппозициячыл саясатчылар долбоор жакында кармалып, үй камагына бошотулган Алексей Ширшов менен байланышта болушу мүмкүн деп сындап чыгышкан. Алар «Дастан» заводун буга чейин башкарган Ширшовдун санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов менен байланышта экенин айтып, мамлекеттик ишканалар коррупциялык схемага айланбайбы деп чочулашууда.

Министрлер кабинетинин төрагасы бул долбоорду Алексей Ширшовдун схемасы деген сындарга четке кагып, өкмөт көптөн бери пландап келе жатканын билдирген.