Кримавторитет Кадыр Досоновдун тобунун үч мүчөсү баңгизат менен кармалды

Кылмыш дүйнөсүндө «Женго» деген каймана ат менен таанымал кримавторитет Кадыр Досоновдун тобунун үч мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

whatsapp image 2022 05 24 at 13 38 32 1 Кримавторитет Кадыр Досоновдун тобунун үч мүчөсү баңгизат менен кармалды

Маалыматка ылайык, алар эл аралык маңзат соодасына тиешеси бар деген шек менен кармалып, «»Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан» багытындагы маңзат ташыган каналды түзгөн деген айып коюлду.

«2022-жылдын 21-майында КР УКМК кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын негизинде текшерүү жүргүзүлүп, «Азия Ойл» май куюучу жайынын аймагынан «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаанын жанынан сары скотч менен оролгон, өзгөчө жыты бар жалпы салмагы 1 кг 980 граммды түзгөн (болжол менен «гашиш») табылган»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалгандар Баткен шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, баңги каналынын башка катышуучуларын аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын тиешелүү комплекси жүргүзүлүүдө.