Минералдык жер семирткичтердин контрабандалык жүктөрү токтотулду

УКМК тарабынан минералдык жер семирткичтердин контрабандалык жүктөрү токтотулду, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, 17-майда У.Н.А. аттуу жарандын башкаруусундагы жүк ташуучу унаа токтотулган. Унаадан «ТКЦ» маркасындагы жалпы көлөмү 10 тоннаны түзгөн, тагырагы ар бири 50 кг болгон 200 кап цемент табылган.

Ошол эле учурда бул мүшөктөрдүн астында, коңшу мамлекеттерге мыйзамсыз жөнөтүү үчүн катылып, ар бири 50 кг болгон 300 мүшөк, жалпы көлөмү 15 тоннаны түзгөн минералдык жер семирткичтер (аммиак селитрасы) да табылган. Соода-өнөр жай палатасынын корутундусу менен кармалган товардын баасы аныкталып, 780 миң сомду түзгөн.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинде (Экономикалык контрабанда) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестринин сотко чейинки өндүрүш ишке катталган.

Учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.