Залкар диктор Бактыбек Мамытовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты

Белгилүү алып баруучу, кыргыз телевидениесинин жылдызы Бактыбек Мамытов 20-майда 72 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Мамытов 1950-жылы 3-мартта Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Алмалуу айылында туулган. Мектепти аяктаган соң улуттук университеттин филология факультетине тапшырган. Ал эми дикторлукка кокусунан келип калып, 1973-жылдардан тартып бул кесипти аркалай баштаган.