Токаевдин келиши менен Кыргызстан-Казакстан алакасы жаңы деңгээлге көтөрүлөбү?

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 26-май күнү Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет. Коңшу өлкөнүн башчысы 27-майда Жогорку Евразия экономикалык кеңештин видеоконференция форматындагы саммитине катышат.

Казакстан стратегиялык, саясий жана экономикалык жактан Кыргызстандын жакын өнөктөшү. Казак президентинин келиши менен эки өлкө ортосундагы алакалар жаңы деңгээлге чыгары күтүлүүдө. Токаевдин расмий иш сапарынан эмнелерди күтүүгө болот деген суроону түрдүү эксперттерге берип көрдүк. 

Тилектеш Ишемкулов – Кыргызстандын Казакстандагы алгачкы элчиси:

ti 1 Токаевдин келиши менен Кыргызстан-Казакстан алакасы жаңы деңгээлге көтөрүлөбү?

“Биздин жумурият эл аралык деңгээлдеги өтө чоң окуянын астанасында турат. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик атайын расмий иш сапары менен келатат. Мындай даражадагы иш сапары менен тек гана мамлекет башчылары келет.

Убагында Нурсултан Назарбаев биздин өлкөгө бери эле дегенде алты жолу келип кеткен. Ал иш сапарларында дайым кыргыз-казактын ортосундагы туугандык мамилени айтып, эриш-аркак жашап келгенибизди белгилеп турчу.

Токаевдин келиши менен эки тараптуу бир нече жогорку деңгээлдеги келишимдер даярдалып жатат деп болжосок болот. Эң негизги маселе экономикалык мамилелерди күчөтүү жана курчутуу керек. Анткени экономика тармагы маданияттан, саясаттан, руханий дүйнөдөн, гуманитардык багыттардан да биринчи орунда турат”.            

Буга чейинки жылдарга салыштырмалуу эки өлкөнүн расмий өкүлдөрүнүн жолугушууларынын саны өсүп барат. 2021-жылы президент Садыр Жапаров менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров алгачкы мамлекеттик иш сапарын Казакстандан баштаган. Ошондой эле, Кыргызстанга иш сапары менен коңшу өлкөнүн премьер-министри Аскар Мамин келсе, расмий иш сапары менен тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди да келип кеткен. Эми Бишкек президент Касым-Жомарт Токаевди күтүүдө.

Аскар Сыдыков – Эл аралык ишкерлер кеңешинин төрагасы:

Askar Sydykov 16.11.21 1200x630 1 Токаевдин келиши менен Кыргызстан-Казакстан алакасы жаңы деңгээлге көтөрүлөбү?

“Өзүңүздөр билгендей бизде эки тараптуу биргелешип иштеген ишканалар бар. Алардын ишмердүүлүгүнө ондогон, жүздөгөн миллиондор жумшалып, көп тармактарды өзүнө камтып келет. Маселен, тоо кен, банк, байланыш операторлору жана соода-сатыкта тыгыз мамилелер бар. Ошентсе дагы, менимче, кызматташуу дараметибизди толук пайдалана албай жатабыз. Себеби дагы көптөгөн долбоорлорду ишке ашырсак болмок, Казакстандын экономикасы абдан чоң. Токаевдин расмий иш сапарынан жана Евразия экономикалык форумдун жыйынтыгынан биз чоң маселелер чечилет деп үмүт кылуудабыз.

Эки мамлекеттин чегинде индустриалдык-соода-логистикалык борбор салабыз деп жатышат. Анда айыл чарба товарларынын топтоп, тийиштүү базарларга экспорттоо боюнча тийиштүү шарттар түзүлмөк.

Ошондой эле биргелешкен кыргыз-казак фондун түзүү маселелери да каралып жаткан. Бизде учурда кыргыз-өзбек, кыргыз-венгр, кыргыз-орус фонддору иштеп келет. Ушул эле сыяктуу кыргыз-казак фонду иштеп баштаса жакшы болмок. Андан сырткары маданий-гуманитардык, илимий, билим берүү кызматташтыктар боюнча көптөгөн ишке ашырчу долбоорлор бар”.

Казакстан Кыргызстандын эң чоң соода-экономикалык өнөктөшү жана инвесторлорунун бири. Эки өлкөнүн чек арасында “Ала-Тоо” индустриалдык-соода-логистикалык борборду куруу долбоорун ишке ашыруу маселеси талкууланып келүүдө. Андан сырткары Казакстан тарап Кыргызстандагы орто жана ири ГЭСтерди курууга кызыкдар болуп,  эт, жемиш продукциясын кайра иштетүү боюнча суроолор да эки тараптуу  каралып келет.

Дүйшөнбек Камчыбеков –  Тоо кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы:

1054652358 341 0 3072 2048 1920x0 80 0 0 8aa7e0803d58dfbcffb5b483f5796c3a Токаевдин келиши менен Кыргызстан-Казакстан алакасы жаңы деңгээлге көтөрүлөбү?

“Казакстан менен бирге жасап ишке ашырып жаткан бизде көптөгөн долбоорлор бар. Алардын арасында эң чоңдору Ала-Букада жайгашкан “Бозумчак” кени, ал жерде алтын, жез жана күмүш өндүрүлүп келет. Андан сырткары бүгүнкү күндө Жамгыр алтын кенинде  алгылыктуу иш алып барып жаткан Vertex компаниясы быйылкы жылга карата да жакшы пландарды коюп, алтын алуучу фабрикасын тургузабыз деп жатышат.

Ошондой эле, кыргыз-казак мамилесиндеги чоң долбоорлордун бири Баткенде жайгашкан Бел-Алма деген көмүр кенинде да ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.

Убагында казак элинин президенти Нурсултан Назарбаев да келип, биздин Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп, кыргыз жергеси кен байлыктарга бай, аны өз пайдаңарга иштетсеңер элиңерди багып алганга мүмкүн болот деген ой-тилектер айтылган эле. Демек, бүгүнкү күндө азыр ошол иштер ийгиликтүү аткарылып жатат десек болот”.

Коронавирус пандемиясынын жана Украинадагы согуштун натыйжасында келип чыккан экономикалык кризистен улам Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамилелер бекемделе бериши керектиги таасын байкалды. Бардыгыбызга белгилүү болгондой Казакстан бизге каада-салт, маданият, тил жана дин жагынан жакын өлкө. Президент Касым-Жомарт Токаевдин расмий иш сапарынын жыйынтыгында Кыргызстан үчүн өнүгүүлөрдү алып келе турган маселе, суроолор талкуулана турганына ишеним чоң.

YouTube video