Эмнеге биздин мектептерди арабдар келип куруп бериши керек?, – Нуржигит Кадырбеков

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков өлкөдөгү мектептердин абалын текшерүүнү сунуштады.

Анын айтымында, республика аймагында тойкана, бизнес борборлор салынып, социалдык объектер калып калды.

«Бардык мектептерди инвентаризациядан өткөрүү керек деген сунуш киргиздим. Жайкы каникул учурунда ӨКМ, Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте мектептердин баардыгын текшерип чыгышы зарыл.

Балдардын коопсуздугун коркунучка салбаш керек. Бизде жеке секторлор өнүгүп жатат. Ал эми клуб, бала бакча, мектептер калып калды. «Бюджетте акча жок» деген шылтоо бар, бирок бир жолун табуу абзел. Убагында Дүйшөн атабыз деле чечпеди беле… Эмнеге биздин мектептерди арабдар келип куруп бериши керек? Улуттук намыс деген болуш керек, бул — өзүбүздүн кыла турган иштер»,-дейт Кадырбеков.