Өлкөдө документи жок дары-дармек саткан 84 аптека аныкталды

Кыргызстанда текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү документи жок дары-дармек саткан 84 аптека аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаменти Кыргызстандын аймагында лицензиялык талаптардын сакталашына карата дарыканаларга текшерүү жүргүзгөн.

Лицензиялык көзөмөл жүргүзүү мезгилинде тиешелүү уруксаты жок дары-дармектерди саткан 84 дарыкана аныкталган:

1. Бишкек шаарында – 30;

2. Нарын облусунда – 5;

3. Талас облусунда – 8;

4. Ысык-Көл облусунда – 4;

5. Ош шаарында – 37.

Министрликтен билдиргендей, аталган мыйзам бузуучуларга карата мыйзамда белгиленген тартип чаралар көрүлөт.