Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматынын Балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору тарабынан район аймагында балдар арасында ар кандай укук бузуучулуктун жана кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында мектеп окуучулары арасында “Биз зомбулукка каршыбыз” аталыштагы иш чарасы уюштурулду.
Иш чаранын максаты балдар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана зордук-зомбулукту болтурбоо, мектеп окуучулары арасындагы ынтымакты, достукту бекемдөө, жаш өспүрүмдөрдүн аң сезимин жогорулатуу менен зомбулуксуз жашоого үндөө болуп саналат.
Аталган иш-чара Ак-Талаа районунун Кайынды-Булак айылынын Б.Мүсүралиева атындагы орто мктебинде өткөрүлүп, анда Т.Оторов, М.Баетов, А.Турдакунов жана Б. Мусуралиева атындагы орто мектептеринин окуучулары катышып, иш-чаранын жүрүшүндө зордук-зомбулукка каршы аталышындагы сүрөт тартып жана анын маани маңызын жактап айтып берүү, милиция тарабынан берилген суроолорго так жооп берүү менен ийгиликти багындырган жалпы 18 окуучу катышты.
Жыйынтыгында 1-орунга Б.Мүсүралиева орто мектеби, 2-орунга Т.Оторов орто мектеби, 3-орунга Б.Мүсүралиева атындагы орто мектептин окуучулары ээ болушуп, 1-2-3-даражадагы дипломдор менен сыйланышты.
Мындан тышкары 15 окуучу аталган иш-чарага активдүү катышып бергендиги үчүн Ак-Талаа РИИБнүн Ардак громатасы менен сыйланышып, кызыктыруучу белектер тапшырылды.
Нарын ОИИБнын Басма сөз кызматы