
Чыңгыз Ахматов башкы прокурордун биринчи орун басары болуп дайындалды. Бүгүн ал эмгек жамаатына тааныштырылды.
Башкы прокурор Мелис Бектурганов Чыңгыз Ахматовдун кесиптик тажрыйбасын белгилеп, ишине ийгилик каалады.
Чыңгыз Ахматов көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, мыйзамдуулукту чыңдоо жана прокуратура органдарынын алдына коюлган тапшырмаларды аткаруу үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын айтты.
Чыңгыз Ахматов прокуратура органдарында 2004-жылдан бери иштейт. 2024-жылдын июнь айында ал Ош облусунун прокурору болуп дайындалган. Башкы прокуратурага өткөнгө чейин ушул кызматты аркалап келген.






