
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда Корея Республикасына расмий сапарынын алкагында Сеул шаарындагы Улуттук мемориалга барып, мемориалга гүл коюу аземине катышты.
Мамлекет башчысы Кореянын көз карандысыздыгы үчүн курман болгон баатырлардын элесине таазим этип, ардактуу коноктор китебине эстелик жазуу калтырды.









