Корумду чокусунда дайынсыз жоголгон беларустук альпинистти издөө иши токтотулду

 Кыргызстандагы Корумду чокусунда дайынсыз жоголгон беларустук альпинист Николай Свиридовду издөө иштери расмий түрдө токтотулду. Бул тууралуу издөө-куткаруу тобунун катышуучусу Александр Смирнов билдирди.

Анын айтымында, куткаруучулар колунан келген бардык аракеттерди жасап, мүмкүн болгон версиялардын баарын текшерип чыгышкан, бирок натыйжа болгон эмес.

“Николайды таба алган жокпуз. Ал кар көчкүнүн астында калды же жаракаларга түшүп кеткен деп боолголоп жатабыз. Абадан текшерүү азыр мүмкүн эмес. Учурда кар жаай баштады, куткаруучулар тоодон түшүп жатат. Издөө иштерин кайра баштоону пландаган жокпуз. Бул чарчап калгандыктан эмес, колубуздан келгендин баарын кылып көрүп, кабыл алынган чечим болду. Бардык версиялар текшерилди, колдо болгон бардык мүмкүнчүлүктөр пайдаланылды. Николай Корумдуда калды. Биз издөөнү токтоттук, бирок аны эстен чыгарбайбыз”, — деп жазды Смирнов.