
Бишкекте кондиционери бар жаңы 95 даана 12 метрлик YUTONG автобустары шаардык каттамдарга этап-этабы менен чыгарыла баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Бүгүн эртең менен линияга 17 жаңы автобус чыкты. Алар № 153 каттам боюнча жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтө башташты.
Мурда бул каттамда жүргөн транспорттор шаардын башка багыттарына кайра бөлүштүрүлдү. Калган 78 YUTONG унаасы бара-бара каттамдарга чыгарылып, ар кандай багыттар боюнча бөлүнөт.
Мэрия жаңы автобустар шаар көчөлөрүндөгү заманбап транспорттун санын көбөйтүп, сапарларды комфорттуураак кыларын жана жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатын жогорулатышы керектигин белгиледи.








