Жыйырма шаарда оорукана курулат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын адамдык өнүгүү тобунун директору Фадия Саада менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттин социалдык саясатынын негизги милдеттери, анын ичинде адамдык өнүгүү маселелери, калктын жакыр жана аялуу катмарын колдоо үчүн зарыл болгон чаралар жана реформалар талкууланды

Акылбек Жапаров белгилегендей, Кыргыз Республикасы рыноктук экономикага социалдык жактан багыт алган өлкө бойдон калууда.

talas oorukana 1024x682 1 Жыйырма шаарда оорукана курулат

«Үстүбүздөгү жылдын апрель айында бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысын эң көп жогорулатуу жүргүзүлдү, социалдык төлөмдөр көбөйтүлдү.

Бул багытта министрлер кабинети чоң пландарды коюп жатат. Анын ичинде бюджеттик каражаттардын эсебинен республиканын 20 шаарында эң жогорку талаптарга жооп берген ооруканаларды куруу пландалууда», — деди Акылбек Жапаров.