Toyota land Cruiser жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды

Бишкек-Ош унаа жолунун 595-чакырымында Toyota land Cruiser жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

ad03aec3 9fbc 4af6 b874 Toyota land Cruiser жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды

Маалыматта айтылгандай, кырсыктын кесепетинен 31 жаштагы М.Н. аттуу эркек киши каза болуп, тогуз киши ар кандай жаракат алышкан. Маркумдун сөөгү жана оор жаракат алган жарандар тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.