Кочкор РИИБи сууга чөгүү кырсыктарын алдын алууда

0
7

Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен жаш өспүрүмдөрдүн сууга чөгүү кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында коркунуч жараткан суу жээктерине,агын сууларга, каналдарын жээктерине эскертүү белгилерин тиешелүү жерлерге илип чыгышты.

Ошондой эле күн жылып агын суулардын көлөмү көбөйүп, табигый жана жасалма көлмөлөр толуп, кооптуу жайлар көбөйгөндүгүнө байланыштуу Кочкор районунун аймагындагы кооптуу болгон аймактарга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте агын суулардын жээктерине ЭСКЕРТҮҮ ТАКТАЛАРЫ орнотулду.

Аталган иш-чара облустун баардык райондук ички иштер бөлүмү тарабынан сууга чөгүү кырсыктарынын алдын алуу багытында атайын эскертүү такталары жасатылып кооптуу аймактарга коюу иштери жүргүзүлүп жатат.

Андыктан ар бир ата-эне өз балдарына көзөмөлдү күчөтүп, кайдыгер карабай сак болууга чакырабыз.

Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.