“Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун ишмердигин жайылткан адам кармалды

 Кемин районунда “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун ишмердигин жайылтууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-мартта Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун ишмердигин жайылтуу фактысы аныкталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Facebook социалдык түйүнүн колдонгон жарандын баракчасында “Хизб ут-Тахрир” уюмуна тиешелүү материалдар бар экендиги аныкталып, кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (“Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратууда”) негизинде катталган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош облусунун Кара-Суу районунун 46 жаштагы М.М. аттуу тургуну кармалган.

Зарыл болгон ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, өндүрүштүн материалдары кароо үчүн сот органдарына жиберилди.